Биз, таза шаар үчүн!

2024-жылдын 16-март күнү Ош шаарында жалпы ишембилик өттү.
Студенттерди эмгекке тарбиялоо жана тазалыкка көндүрүү максатында окуу жайдын айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликке окуу жайдын кесиптик колледжинин студенттери тартылып, университеттин айланасын, бак-дарактардын арасын, Ак-Бууранын жээгин, тротуарларды чыгындылардан тазалап, иретке келтиришти. Ишембиликте ар бир тайпанын жетекчиси бөлүнгөн аймактарына жоопкер катары студенттер менен биргеликте иш алып барышты.