Мектеп окуучулары арасында сынак өттү

Кечээ, 18-март күнү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун конференция залында тарых-филология факультетинин орус филологиясы кафедрасы тарабынан Ош шаарындагы мектептер менен биргеликте “Разукрасим мир стихами” аталышында мектеп окуучулары арасында сынак өткөзүлдү.
Аталган сынак университеттин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор А.Т.Балтабаеванын колдоосу менен уюштурулду.
Иш чарага Россиянын агартуу министрлиги ишке ашырып жаткан “Российский учитель за рубежом” эл аралык гуманитардык долбоордун алкагында Ош шаарында эмгектенип жаткан орус тили мугалимдери катышышты.
Сынакты уюштуруунун негизги максаты “мектеп-университет-өндүрүш” байланышын бекемдөө жана окуучулардын кесипке багыт алуусуна көмөк көрсөтүү. Ошондой эле студенттердин кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү үчүн билим алуу мейкиндигин кеңейтүү болуп саналат.