Юристтин адептүүлүгү ата-энени сыйлоодон башталат

Бүгүн, 19-март күнү юридика-бажы факультетинин иш планына ылайык «Юристтин адептүүлүгү ата-энени сыйлоодон башталат» аталышында ата-энелер менен биргеликте окуу-усулдук, маданий иш-чарасы болуп өттү.
Иш чара конокторго юристтик кесиптин түрлөрү боюнча маалыматтык көргөзмөнү тааныштыруу менен башталды. Андан соң университеттин ректору, э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович ата-энелерге окуу жай тууралуу маалымат берип, алдыда жасала турган иштерге кенен токтолду.
Буга улай эле, юридика-бажы факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Көкөева Алмагүл Мухтарбековна «Юриспруденция» багытынын студенттерин даярдоонун учурдагы абалы деген темада кызыктуу баяндамасын жасады.
Иш чаранын экинчи бөлүгү Нооруз майрамына карата студенттердин ата-энелер үчүн даярдаган концерттик программасы менен коштолду. Соңунда эне-бала аталышында конкурс уюштурулуп, ата-энелер тарабынан ой-пикирлер , сунуштар айтылды. Айтылган сунуш-пикирлерди аткаруу юридика-бажы факультетине жүктөлдү.