«Химия жумалыгы» жыйынтыкталды.

Табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасында «Химия жумалыгы» жыйынтыкталды.
Аталган жумалыктын алкагында ЕНО(х)-1-20 тайпасынын студенттери “Химиялык тажрыйбалар – бул жашоонун тажрыйбалары” аттуу химиялык кече өткөрүштү.
Факультеттеги студенттер жана окутуучулар арасында «Химия биздин турмушта» аттуу химия боюнча сурамжылоо жүргүзүшүп, атайын белектер менен маанайларын көтөрүштү. Химия жумалыгына факультеттин деканы, ф-м и.к., профессор Жээнтаева Ж.К, факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.