Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Нооруз майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Жыл сайын эң мыкты даярдыкта өтүп келе жаткан Нооруз майрамы быйылкы жылы инженердик-технологиялык факультети тарабынан уюштурулду. Майрамдык саамалык сүмөлөк кайнатуу менен башталып, профессордук-окутуучулар жамаатынын жана жергиликтүү жашаоочулардын маанайын көтөрүү максатында концерттик программалар тартууланып, улуттук оюн-зооктор менен коштолду.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жергиликтүү жашоочуларды жана жалпы жамаатты, студенттерди Нооруз майрамы менен куттуктап, жергебизге ак тилегин жар салып кирип келген Нооруз майрамы кут болсун, элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун деген тилегин билдирди.
Салтанаттуу кечени университеттин бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиевдин, инженердик-технологиялык факультетинин деканы Ильязбек Исаевдин куттуктоолору улантты. Иш чара улуттук даамдарды даңазалааган сый тамак (ооз ачар) менен жыйынтыкталды.