“Кыргызстандын өзбектерин жана Өзбекстандын кыргыздарын комплекстүү антропологиялык изилдөө” аттуу илимий-изилдөө долбоору талкууланды

Бүгүн, 15-март күнү филология илимдеринин доктору, профессор, түрколог Кадыралы Конкобаев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду.
Окумуштууну окуу жайдын жетекчилери тосуп алып, университеттин материалдык-техникалык базасы менен жакындан тааныштырды. Алгач студенттерге конок лекция өтүп берип, өзүнүн ала келген китептерин университеттин китепканасына тапшырды.
Андан соң Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илим изилдөөчүлөрүнө “Кыргызстандын өзбектерин жана Өзбекстандын кыргыздарын комплекстүү антропологиялык изилдөө” аттуу илимий-изилдөө долбоору тууралуу маалымат берди.
Долбордуу таныштырууда азыркы түрк элдеринин синхрондук жалпы абалдарын антропологиялык жактан комплекстүү изилдөө түркология илиминде жеткиликтүү деңгээлде колго алынбаганы айтылып, миңдеген жылдар канаатташ, жамаатташ жашаган боордош кыргыз, өзбек элдеринин антропологиялык жалпылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн ар тараптан изилдеп түркология илимине салым кошуу маселелери айтылды.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев бул долбоорду ишке ашырууда университет ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, илим изилдөөчүлөргө изилдөө иштерине активдүү катышып, сапаттуу маалыматтарды топтогонго жардам берүүгө үндөдү.
Соңунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илим изилдөөчүлөрү менен кыргызстандагы башка жогорку окуу жайларынын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларында иштеген түрколог, тарыхчылары менен биргелешип иштөө сунуштары айтылды.