Студенческая волна

2023-жылдын 29-мартында тарых-филология факультетинин студенттери Ош шаарындагы Орус уйү университеттер арасында өткөргөн “Студенческая волна” аттуу шайыр тапкычтар клубунун студенттик командалар конкурсуна катышып, командалар арасынан жогорку балл алып финалга жолдомо алышты.
Конкурста студенттер төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарышты:
1) Саламдашуу “Студенческое утро”;
2) Үй тапшырма “Проект особого значения”;
3) Музыкалык конкурс “Лучшие годы студенческой жизни”.
Студенттерди орус филология кафедрасынын окутуучулары жана факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Р.А. Абакулов даярдашты.