Урматтуу Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар курамы, жалпы эмгек жамааты, студенттер, ата-энелер!

Биз жашап жаткан доор – өзгөрүүгө ыкчам туш болуп турган атаандаштыгы күч заман! Түз маанисинде – билимдүүлөрдүн заманы! Демек, эл аралык статуска ээ болгон университеттин көтөрө турган жүгү оор. Тагыраак айтканда, мезгил талабына жараша  атаандаштыкка туруктуу, кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу, университетибизди чыныгы эл аралык университетке айландыруу биздин милдет.

Менин көз карашымда:

  • Эл аралык университет – бул  дүйнөнүн төрт бурчунан кызыккандар үчүн тегиз кызмат көрсөтүү багытында  ачылган, өлкө ичиндеги жана чет өлкөлүк  өнөктөштөр менен  ар тараптуу кызматташууга даяр, өзүнүн  бардык ресурстарын окутууга, билим берүүгө жана жаштарды тарбиялоого, илимди өнүктүрүүгө багыттаган окуу жай болушу керек!

 

  • Эл аралык университет – эл аралык коомчулукка таанылып, коомдун  керектөөлөрүн жана мамлекет тарабынан  коюлган талаптарды аткарууда өзүнүн укуктарын  сактап,   милдеттерин так аткарган, жогорку кесиптик билим берүү системасындагы жоопкерчиликтүү лидер болушу шарт!

 

Эл аралык университетте бардык иш-чаралар төмөндөгү баалуулуктар аркылуу ишке ашырылышы зарыл:

  • академиялык чөйрө жана эркиндик;
  • кесипкөйлүк, социалдык жоопкерчилик;
  • илим жана билим берүү мейкиндигиндеги чынчылдык жана ачыктык;
  • чечимдердин кабыл алынышындагы айкындуулук;
  • бардыгы үчүн камтылган (инклюзивдик) чөйрө;
  • коом үчүн келечектеги лидерлерди жана кесипкөй адистерди даярдоо.

Буга чейинки жасалып келген эмгектерди эске алуу менен, мындан ары окуу жайдын өнүгүүсү, сиздердин жардамыңыздар менен төмөнкү негизги багыттарда болмокчу:

  1. Билим берүү кызматын кеңейтүү:
  • (негизги багыт – чет өлкөлөр менен иштешүү)
  • жаңы адистиктерди ачуу;
  • кошумча билим берүү мекемелерин ачуу;
  • кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу, борборлорун ачуу;
  • кошумча курстарды ачуу;
  1. Билим берүү программаларын модернизациялоо:

– окутуунун жыйынтыгын, максаттарын өнүктүрүү;

  • окуу пландарын талапка ылайык даярдоо;
  • – КӨЭУнун бүтүрүүчүсүнүн бейнесин жакшыртуу.
  1. Абитуриенттер менен иш алып баруу:

– кесипке багыт берүү, башка мамлекеттерден келе турган талапкерлердин санын көбөйтүү ж.б.

  1. Атаандаштыкка туруштук берүүчү иш-чаралар:
  • олимпиадалар;
  • маалыматтык компаниялар, сайтта жана массалык маалымат каражаттарында тез жаңылануучу көп тилдеги маалыматтарды жайгаштыруу.
  1. Автоматташтыруу жана кредиттик технологияны өнүктүрүү:
  • Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү белгилүү окумуштууларды чакырып, конок-лекцияларды уюштуруу;
  • ички жана сырткы академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү;
  • практикаларды сапаттуу уюштуруу маселелери.
  1. Бүтүрүүчүлөр, студенттер, иш берүүчүлөр менен байланышты күчөтүү:
  • бүтүрүүчүлөрдүн базасын түзүү, аны кеңейтүү менен кошумча инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
  1. Электрондук базаларды кеңейтүү, автоматташтыруу
  2. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо.
  3. Профессордук-окутуучулар курамынын, жалпы эмгек жамаатынын айлык акыларын тиешелүү деңгээлге жеткирүү, жашоо шартын жакшыртуу.
  4. Илимге терең көнүл буруу:
  • мотивацияны жогорулатуу;
  • илимий кадрларды даярдоо;
  • диссертациялык кеңештердин иштерин жөнгө салуу;
  • мамлекеттер аралык диссертациялык кеңештерди ачуу …

Жогоруда белгиленген пункттардын баардыгын сиздер менен биргеликте аткарып, достуктун алтын ордосу катары таанылып, “Достук” орденинин ээси  болгон окуу жайыбызды чыныгы эл аралык университетке айландырабыз деген ишенимдемин. Урматтуу кесиптештер! “Жабыла көтөргөн жүк жеңил” болушун жакшы билесиздер. Университеттин өсүп-өнүгүшү, өлкөбүздүн келечеги үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, билек түрүп, алдыга карай бирге кадам таштайлы!

Сиздерди терең урматтоо менен,

КӨЭУнун ректору, э.и.д., профессор                                                Мамасыдыков А.А.