“Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун 15 жылдык юбилейи белгиленди

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин чоң жыйындар залында “Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун 15 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Алгач конокторго “Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун тарыхы тууралуу видео ролик көрсөтүлдү. Андан соң “Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун негиздөөчүсү, алып баруучусу Талантбек Канатбек уулу иш чараны ачып, “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунун 15 жыл аралыгындагы басып өткөн жолуна токтолуп, аталган жылдар аралыгында оюн көргөзгөн командаларды майрамы менен куттуктады.
Сөз кезегинде университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович “Билерман ордо” интеллектуалдык оюну жогорку деңгээлде өнүккөнүн айтып, жаштардын ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын, интеллектуалдык жөндөмүн өрчүтүүгө өзгөчө таасир бергенин баса белгиледи.
Салтанаттуу иш чараны КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин, Ош шаарындагы ЖОЖдордун өкүлдөрүнүн, Билерман ордо оюнчуларынын куттуктоолору улантты. Майрамдык кече маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.