“Окуу керемет” долбоорунун алкагында иш-чара өттү

Бүгүн, 2023- жылдын 7-декабрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Окуу керемет!» билим берүү долбоорунун алкагында иш-чара болуп өттү. Аны КӨЭАУнун профессору Т.Э.Исаков программа боюнча алып барды.
Бул иш-чарага Бишкектен «Окуу керемет!» долбоорунун директорунун орун басары Токтогулова Нургуль Кубатовна, долбоордун математика боюнча адиси Аликова Аида Мамырбаевна, окуу боюнча адиси Юсупова Айкынай Дардаковна жана «Окуу керемет!» долбоорунун тренингдер боюнча аймактык адиси Какеева Yмүт Арзибековналар, ошондой эле ОшМУ жана ОшМПУнун методист окутуучулары катышышты.
Иш-чара программа боюнча эки бөлүктөн туруп, күндүн биринчи жарымында гуманитардык-педагогикалык факультетинин ага окутуучусу М.Халмуратова «Обучение пониманию прочитанного” деген темада, ал эми кесиптик колледждин окутуучусу Д.Бабашева “Чыныгы турмуштук кырдаалдардагы маселелерди чыгаруунун технологиясы” деген темада практикалык көргөзмөлүү сабактарды өтүп беришти.
Ал эми күндүн экинчи жарымында КӨЭАУнун материалдык-техникалык базалары менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулуп, андан кийин «Окуу керемет!» долбооруна ылайык атайын мастер класс жана тегерек столдор өткөрүлдү.
Мастер классты гуманитардык-педагогикалык факультетинин ага окутуучусу М.Сарыбаева «Математикалык планшет жана геоборд” деген аталышта, ал эми кесиптик колледждин окутуучусу Б.Байиева “Башталгыч класстарда күн сайын жана чыгармачыл жазуунун түрлөрү жана натыйжалуулугу” деген аталышта уюштурушуп, өздөрүнүн жогорку денгээлдеги чыгармачылык иш-аракеттерин көрсөтүштү.
Андан кийин “Математиканы жана окууну окутуунун актуалдуу маселелери” аталышында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдо ОшМУнун индустриялдык-педагогикалык колледжинин бирикеме башчысы К.Байгазиев башталгыч класстардын математикасы боюнча тексттик маселелерди чыгаруунун усулдары тууралуу кызыктуу баяндама жасап берди.
Бүгүнкү иш-чараны жогорку денгээлде уюштургандыктары үчүн гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к. И.С.Узакбаевге жана кесиптик колледждин директору Ч.Х.Абдуллаевага катышуучулар тарабынан ыраазычылыктар айтылды.