Төрт тараптуу жолугушуу уюштурулду

Бүгүн, 14-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан төрт тараптуу жолугушуу уюштурулду.
Тактап айтканда факультетте адистик билим алып жаткан студенттер, ата-энелер, иш берүүчүлөр жана профессордук-окутуучулар курамынын ортосунда пикир алмашуу иш чарасы болуп өттү.
Иш чара окуу жайдын маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен башталды. Иш чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан иш берүүчүлөр тааныштырылып, окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковго куттуктоо сөзү берилди. Сөз кезегинде ректор адистик билим алып жаткан студенттердин билим сапатын жакшыртып, кеминде үч тил үйрөнүшүнө шарт түзүп, өз кесибинин мыкты адис катары даярдап чыгаруу башкы милдет катары кабыл алышыбыз керек экендигине токтолду.
Өнөктөш катары келген иш берүүчүлөр жана ата-энелер тарабынан сунуш пикирлер айтылды. Айтылган сунуштарды аткаруу маселеси ТПМТ факультетине жүктөлдү.