Наманган мамлекеттик университети менен түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу келишими жаңыланды

2024-жылдын 28-майында Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинде өткөн эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Наманган мамлекеттик университети менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосунда түзүлгөн келишим жаңыланып, ага ылайык аталган окуу жайлардын жетекчилери эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.
Эки окуу жайдын жетекчилери мындан нары дагы тыгыз байланышта иш алып баруу боюнча пикир алышып, ойлорун ортого салышты.