Билим берүү программаларын проектирлөө боюнча семинар өтүлдү

Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти «Career development» билим берүү борбору менен биргеликте «Билим берүү программаларын проектирлөө» боюнча 5 күндүк семинар уюштурду.
Семинарга жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларынын окутуучулары педагогика, филология, информатика жана эсептөө техникасы багыттары жана адистери боюнча катышты.
Мында билим берүү программаларынын максатынын жана күтүлүүчү натыйжаларынын түзүү жолдоруна багыт көрсөтүлдү.