Урматтуу мекендештер, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ардактуу эмгек жамааты, кадырлуу студенттер!

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы,” – дегендей, мындан жүз жыл мурун тоо койнун мекендеген кыргыз эли үчүн жаңы доордун эшиги ачылып, мамлекеттүүлүктүн пайдубалы түптөлгөнүн жакшы билесиздер. Советтик курулуштун курамында күн санап өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстан автономиялуу облустан автономиялуу республикага, андан да ыкчам өнүгүп, өз алдынча республика болууга жетишип, советтик доордо бир топ бийиктиктерди багындырганын айтпай кетүүгө болбойт.
Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында өз алдынча мамлекет катары дүйнөгө таанылган өлкөбүздүн тамыры 33 жылдын аралыгында кенен жайылып, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн бир тобу ар тараптуу кызматташууну жолго койгонго жетишти.
Айрыкча, илим, билим багытында бир топ өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Технологиялык башкаруу үстөмдүк кылган 21-кылымдын кыйырында Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы дүйнөлүк стандартка ылайык ишмердик жүргүзө баштады. Анын натыйжасы катары дүйнөнү таң калтырган билимдүү, илимдүү жаштарыбыз көбөйгөндүгү – жалпы мекендештерибиздин ийгилиги!
Урматтуу, мекендештер, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кадырлуу эмгек жамааты, урматтуу студенттер! Өз алдынча эгемен мамлекет катары таанылып, туу көтөргөн күнүбүз кут болсун!
Элибиздин эгемендиги, калкыбыздын достугу түбөлүктүү болсун! Алыскы жана жакынкы коңшулар менен жасалган ар тараптуу алакабыз жемиштүү уланып, мекенибиздин чеги бекем болуп, жергебизде ар дайым майрам шаңы жаңырып турсун!
Майрамыңыздар менен!
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович
Возможно, это изображение 1 человек и отдел новостей