«Академиялык лидерлик институту» аттуу комплекстуу программасы болуп өттү

 

2024-жылдын 25-сентябрынан 28-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында жайгашкан Назарбаев Университетинде жогорку окуу жайынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу журду. Назарбаев Университетинин жогорку билим берүү мектеби тарабынан уюштурулган «Академиялык лидерлик институту» аттуу комплекстуу программасы болуп өттү, анда Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин п.и.к, улук окутуучусу Гулмира Абдимажитовна Абдивалиева катышты.

Программа динамикалык жогорку билим чөйрөсүндө сапаттык жана эффективдүү башкаруунун жогорку стандарттарына жетишүүгө багытталган. Сынактын негизинде тандалып алынган университеттин 80 окутуучулары төмөнкү темалар боюнча окуу модулдарын аякташты: билим сапатын башкаруу, академиялык активдүүлүк жана инновация, жасалма интеллектин (AI) билим берүү процессине тийгизген таасири, академиялык бүтүндүк жана этикалык чакырыктар, ошондой эле заманбап жогорку билим берүүдөгү интеллектин тенденциялары жана ролу.