Мугалим – мөмөлүү дарак

Бүгүн, 4-октябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратында иш күнү майрамдык маанай менен башталды. Мугалимдердин кесиптик майрамына карата юридика-экономикалык факультетинин жамааты профессордук-окутуучулар курамына жагымдуу маанай тартуулашты.
Таланттуу студенттер тарабынан мугалимдерге арналган обондуу ырлар жаңырып, мугалимдерге шириндиктер таратылды.
Иш чаранын максаты жаштарга терең билим, мыкты тарбия берип жаткан агартуучуларыбыздын көңүлдөрүн көтөрүүгө багытталган.