Кечээ, 12-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгана жана 26-ноябрь-Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу күнүнө карата университеттер аралык “Информатикага айкалышкан күлкү” аттуу КВН болуп өттү.
Салтка айланган майрамдык иш чараны КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, технологиялык башкаруу доорундагы дүйнөлүк атаандаштыктан туруктуу ордун таба билүүгө жөндөмдүү адистерди даярдап чыгаруу – Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин негизги багыты экенин айтып, азыр дүйнө жүзүндө IT адисине болгон муктаждык күндөн күнгө күчөп жаткандыгын баса белгиледи.
Аталган күлкү майрамына Ош жана Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын информатика адистигинде билим алып жаткан студенттерден куралган командалар келип өз өнөрлөрүн көргөзүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Соңунда жеңүүчү командалар аныкталып окуу жай тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Калыстар тобунун берген баасына ылайык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин информатика адистигинде билим алып жаткан студенттерден куралган команда 1-орунду камсыздашты.
Иш чара табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин информатика жана окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду.