Бүгүн, 13-ноябрь күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, улуттук жазуучулар союзунун уюшулгандыгынын 90 жылдыгына жана аны менен катар кыргыз адабиятынын залкар өкүлдөрү Барпы акындын 140 жылдыгына, Аалы Токомбаевдин 120 жылдыгына, Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына, Дооронбек Садырбаевдин 85 жылдыгына арналган “Мамлекеттүүлүк жана улуттун руханий-интеллектуалдык калыптанышы” аттуу илимий чыгармачыл форум Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында өткөрүлдү.
Форумдун катышуучулары алгач Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна арналган көргөзмө менен таанышып чыгышты.
Аталган форумдун расмий ачылышында Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректораты, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын Ош облусу боюнча жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымы жана Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы куттуктоо сөзгө чыгышты. Ал эми Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев онлайн видео куттуктоосун жолдоду.
Кыргыз мамлекеттүулүгүнүн калыптанышына, азыркы кыргыз мамлекетинин түптөлүшү үчүн башын баталгага коюп, жеке кызыкчылыктан өлкө кызыкчылыгын жогору койгон кыргыз элинин алгачкы интеллегенциясына арналган баяндамалар салтанаттуу жыйынды улантты. Аталар баскан жолду чагылдырып, эркиндик үчүн болгон күрөштөгү алардын эрдигин даңазалаган поэзиялык тыныгуу иш чаранын биринчи бөлүгүн жыйынтыктады.
Форумдун экинчи бөлүгүндө улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдыгына, жез таңдай акын Барпынын 140, Аалы Токомбаевдин 120, кыргыз аялдарынан чыккан белгилүү жазуучу Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына жана Жогорку кеңештин бир канча чакырылышынын кашкөй депутаты, белгилүү кино режиссер Дооронбек Садырбаевдин 85 жылдыгына арналган видео тасма көрсөтүлдү.
Кыргыз мамлекетинин калыптанышынын башатында жазуучулардын, жалпы эле чыгармачыл адамдардын орду чоң. Себеби, карапайым калктын кызыкчылыгын коргогон советтик түзүлүштү жар салып чыгып, анын артыкчылыктарын калың элдин катмарына жеткирген төкмө акындар, алгачкы басылмалар жарык көрө баштаган күндөн тартып жазма акындар элдин көзүн ачып, жаңы чакырыктар менен калк алдына чыгып турушкан. Ошондон улам, иш чаранын жүрүшүндө белгиленген чыгармачыл инсандардын бейнесин ачып берүү багытындагы баяндамалар иш чараны улантты.
Салтанаттуу жыйынды чыгармачыл жаштар тарабынан даярдалган концерт жыйынтыктады. Иш чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, адабиятчылар катышты.