Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 5 студенти Президенттик стипендиянын ээси болушту.

Бүгүн, 16-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине Президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Стипендияларды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, жогорку окуу жайда билим алып жаткан студенттерден үмүтү чоң экенин айтып, жогорку окуу жайлардан өзүн, өлкөсүн өнүктүргөн дилгир жаштар чыгат деген ишеничте экенине токтолду. Ошондой эле мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдоорун баса белгиледи.
2024-жылы өлкө боюнча окууда ийгилик жараткан 90 студент аталган стипендияга татыктуу деп табылып, 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде буга чейин жыл сайын 2-3дөн студент аталган стипендияны алып келишкен.
Бул стипендияны Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине берилип келет. Жаштарды колдоо, алардын чыгармачыл эмгектерине жана демилгелерине баа берүү максатында уюштурулган. Студенттердин окуудагы жетишкендиктери, эл аралык же республикалык олимпиадада, конкурстардагы, ар кандай мелдеште жеңүүчү болгон, маданий-массалык иш чараларда активдүү жүргөн студенттер ала алат.
КӨЭАУнун Президенттик стипендия алган студенттеринин тизмеси:
1.Токтосунова Бегайым Муратбековна
2.Малашова Зульфия Адилбековна
3.Маматшакир кызы Канзада
4.Аматова Фатима Жоомартовна
5.Элдияр уулу Тимур