Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кышкы спартакиада жыйынтыкталды

2025-жылдын 20-январынан 24-январына чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жана кызматкерлеринин курамдарынын арасында спорттун алты түрү боюнча спартакиада болуп өттү. Спорттук мелдеште Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин факультеттеринен, колледждерден жана административдик чарбалык бөлүмдөрдүн курама жааттарынын командалары беттештерди өткөрүштү.
Кечээ, 24-аянварь күнү спартакиада жыйынтыкталып, спорттун 6 түрү боюнча 1-2-3-орунду алган командалар, мыкты оюнчулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы командалык эсепте 1-орунду кесиптик колледждин, 2-орунду медициналык колледждин, 3-орунду гуманитардык педагогикалык факультетинин жамааты багындырды.
Жалпы жамааттын ден соолугун чыңдоо менен бирге ынтымагын, достугун арттырууга арналган спорттук иш чарага университеттин жетекчилиги 200 миңдин тегерегинде, ал эми бириккен профсоюз уюму 50 миңге жакын акча каражатын бөлүп берди. Спорттук мелдештер жогорку маанайда уюштурулуп, командалар ар бир спорттун түрү боюнча активдүү катышты.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович спорттун волейбол, стол үстүндө теннис түрлөрү боюнча оюндарга катышып, жалпы жамаатты сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга үндөп жүрдү.
Иш чара “Достук” спорт клубунун жана дене тарбия мугалимдеринин көзөмөлүндө өткөрүлдү.