Бүгүн, 1-февраль күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович баштаган делегация Жалал-Абад шаарындагы Борбор Азия эл аралык медициналык университетинде болушту.
Атайын иш сапары менен барган делегацияны БАЭМУнун ректору, профессор Нарымбетов Талантбек Канатбекович баштаган университеттин жетекчилиги тосуп алды.
Жолугушууда тараптар медицина багытында биргелешип иш алып баруу боюнча ойлорун ортого салып, эки тараптуу
кызматташуу келишимине кол коюшту. Андан соң КӨЭАУдан барган делегация аталган окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты.
___________________________________
КУМУ сотрудничает с Международным медицинским университетом Центральной Азии
Сегодня, 1 февраля, делегация во главе с ректором Кыргызско-Узбекского международного университета (КУМУ), профессором Абдилбаетом Асановичем Мамасыдыковым, посетила Международный медицинский университет Центральной Азии в городе Джалал-Абад.
Делегацию, прибывшую с официальным визитом, встретило руководство университета во главе с ректором, профессором Талантбеком Канатбековичем Нарымбетовым.
В ходе встречи стороны обсудили вопросы сотрудничества в области медицины и подписали двустороннее соглашение о партнерстве. Затем представители КУМУ ознакомились с материально-технической базой данного учебного заведения.
#Эскертүү: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин баракчасына достук жибергендер үчүн бош орун калбай калды. Андыктан фейсбук-баракчабыздын башкы бетиндеги “ПОДПИСАТЬСЯ” баскычы аркылуу катталсаңыздар болот.