Аты-жөнү Тилекова Назира Дүйшөбаевна.
Туулган жери Ош областы Кара-Кулжа району Кызыл-Жар айылы.
Жашаган дареги Ош шаары Кыргызстан айылы К.Мырзаев көчөсү-18.
Байланыш
Телефону моб.+996-777-05-01-74
E-mail tilekova74@inbox.ru
Билими 1991-жылы Ош областынын Кара-Кулжа районунун “Кайың-Талаа
орто мектебин “Күмүш” медалы менен аяктаган.
1996-жылы ОшМУнун кыргыз филология факультетинин кыргыз
тили жана адабияты адистигин аяктаган.
Илимий даражасы
жана наамы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.
2016-жылы 24-ноябрында Бишкек шаарында 13.00.02 – окутуунун
жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты)
адистиги боюнча Д 13.16.527 Диссертациялык кеңешинде
“Мектептин 7-классында чыгыш адабиятынын үлгүлөрүн
окутуунун негиздери (Муса Жалил, Расул Гамзатов, Назым Хикмет)
аталышындагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2017-жылы кандидаттык диссертациясы КРнын ЖАКы тарабынан
бекитилген.
2021-жылы 30-декабрда КРнын Президентине караштуу УАК
тарабынан “Педагогика” адистиги боюнча доценттик наамы
ыйгарылган.
Кесиптик
тажрыйбасы 1994-1998-жж. Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу №31 О.Курбанбаев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими.
1998-2000-жж. ОшТУнун финансылык-экономикалык факультетинде кабинет башчы.
2000-жылдан ушул күнгө чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын доценти болуп эмгектенет.
2009-2018-жж. Кыргыз филология кафедрасынын башчысы.
2018-2024-жж. Тарых-филология факультетинин деканы.
2024-жылдын 24-сентябрынан баштап магистратура бөлүмүн жетектөөдө.
Илимий жана
усулдук иштер 70тен ашуун илимий макалалардын, 18 окуу-усулдук колдонмолордун, 1 монография, 1 окуу китеби, 1окуу хрестоматиясы, 1 көркөм адабий окуунун автору.
Сыйлыктары Б. Сыдыков ат. КӨЭАУнун бир нече Ардак грамоталары.
Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы – 2016-ж.
Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы – 2016-ж.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы – 2009-ж.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы – 2014-ж.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү отличниги» төш белгиси – 2010-ж.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси – 2016-ж.
Билим жана илим профсоюсуздук кыймылынын Отличниги төш белгиси – 2017-ж.
КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы – 2019-ж.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы – 2021-ж.
Компьютердик
cабаттуулук MS Word, MS Excel, Photoshop, Coreldraw, Internet
Тилдери кыргыз тили – эне тили; орус тилинде эркин сүйлөйт, жазат; англис тилинде бир аз сүйлөйт, жазат; түрк тилинде эркин сүйлөйт, жазат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын негизинде кыргыз тилин жеӊил үйрөнүүгө багытталган «Кыргызча оӊой» / «Easy Kyrgyz» мобилдик колдонмосунун А1 деӊгээли иштелип, колдонууга чыгарылды.
Аталган колдонмого өзбек тили аркылуу кыргыз тилин үйрөтүүчү атайы блокту киргизүү максатында колдонмонун А1деӊгээлинин тесттик тапшырмаларын өзбек тилине которуу маселесин камсыздап берүү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине тапшырылган. Берилген материалдарды өзбек тилине КӨЭАУнун окутуучулары Алибекова Өмүркан, Ахмедова Гулида Абдраимжановна, Умарова Рахима Тохтаназаровналар которду.
