КӨЭАУнун окутуучусу – волейбол боюнча Кыргызстан чемпиону

Кыргыз Республикасынын спорттун олимпиадалык түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларын өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясы тарабынан уюштурулган волейбол боюнча XVII чемпионаттын жогорку лигасында кыз-келиндер клубдук командалар арасында кызуу таймаш өттү.
Чемпионатка Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин дене тарбия жана спорт кафедрасынын лаборанты Таирова Таннуру Калдарбековна да катышып, мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду жеңип алды!
Чемпион эжекени университет ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, жеңиши менен куттуктады жана спорттогу карьерасына ийгиликтерди каалады.
“Университетибиздин желегин бийик желбиретип келгениң үчүн чоң рахмат. Ийгиликтер улана берсин. Сиздей кызматкери менен университет ар дайым сыймыктанат”, деди ректор.
Коммуникация жана медиа департаменти