Бүгүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борборунда окутуучулар үчүн курстук окуу башталды.

Окуу иштери боюнча проректор, ф.и.д., профессор А.Т. Балтабаева, п.и.к., проф. Т.Э. Исаков жана борбордун жетекчиси т.и.к., доцент З.Б. Зулпуев курстун катышуучуларына:

окуунун талаптары,

сабак берүүчү окутуучулар,

окуу графиги жана төлөмдөрү,

гибриддик форматтагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришти.

Курстун негизги максаты – окутуучулардын кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңы багыттарды өздөштүрүү, педагогикалык компетенттүүлүктөрүн өркүндөтүү жана заманбап билим берүү талаптарына шайкеш көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Университетибиз билим сапатын жогорулатууда, окутуучуларды жаңы мүмкүнчүлүктөргө шыктандырууда дагы бир маанилүү кадам таштады!

Коммуникация жана медиа департаменти