Германиянын “Лейбниц” университетинен келген студенттер Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессорлору менен бирге Өзгөн күрүчүн уруктандыруу техникасы менен жеринен таанышып, практикалык тажрыйба алышты.

Бул иш-чара — КӨЭАУ менен Германиялык окуу жайдын ортосундагы илимий кызматташтыктын алкагында өтүп жатат.

Чет элдик студенттерге жергиликтүү дыйкандар, агрономдор жана илимпоздор күрүч өстүрүү боюнча баалуу тажрыйбаларын бөлүштү.
Коммуникация жана медиа департаменти