
 Германиянын Ганновер шаарындагы Лейбниц университетинин өкүлү, профессор Георг Гуггенбергер баштаган делегация Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине расмий сапар менен келишти.
 
 
Делегацияны университет жетекчилиги жылуу маанайда тосуп алып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жолугушуулар өттү.
 

 КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Ош шаарында биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул кызматташтык студенттер жана шаар үчүн пайдалуу болоруна ишеним артарын билдирди.
 
 

Тараптар илимий кызматташууну кеңейтүү, студенттер аралык алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуулашты.
 
 
Ректор алыскы Германиядан келген сый конокторго ыраазычылык билдирип, КӨЭАУнун чыгармачыл студенттеринин колунан жаралган белектерди тартуулады.
 

Германиялык студенттер университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, немис тил борборунда филология илимдеринин кандидаты Чынар Шарипова өткөргөн кызыктуу сабакка катышты.
 
 

Эскерте кетсек, бул илимий сапар КӨЭАУнун профессору, айыл чарба илимдеринин доктору Эльтар Смаиловдун жетекчилиги астында уюштурулуп, мындан ары да биргелешкен илимий изилдөөлөр уланмакчы.
 
 

 Коммуникация жана медиа департаменти