
Тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасынын окутуучусу Алекова Элнура дүйнөлүк деңгээлдеги Fulbright TEA (Teaching Excellence and Achievement) программасынын алкагында дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн тандалган алдыңкы мугалимдер менен бирге АКШнын Түндүк Дакота университетине стажировкага барды.

Бул мүмкүнчүлүк — Алекова Элнура үчүн гана эмес, жалпы университет үчүн дагы чоң жетишкендик. Анткени, Элнура эжеке англис тилин окутуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүп келүү менен, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине дүйнөлүк тажрыйбаны бөлүшүп, алдыңкы жетишкендиктерге жол баштайт деген ишеним бар.
Белгилей кетсек,
Элнура Алекова 2023-жылы өткөн республикалык “Мыкты мугалим” сынагынын баш байгесинин ээси, Кыргыз – Өзбек Эл аралык университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү.
Коммуникация жана медиа департаменти