Жогорку билим берүүдөгү жаңы көз караштар талкууланды

Бишкекте 16-сентябрда жогорку билим жана илим тармагындагы координациялык жыйын өтүп, ага министр Бактияр Орозов, министрдин орун басары Нурлан Омуров, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана тажрыйбалуу адистер катышты.
Иш-чарага Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков да катышып, жогорку билим берүүнүн актуалдуу багыттары боюнча омоктуу ойлорун ортого салды.
Эскерте кетсек, координациялык жыйынды Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Улуттук Erasmus+ кеңсеси менен бирге өткөрдү.
Жыйындын негизги максаты – өлкөдөгү алдыңкы ЖОЖдордун, илимий уюмдардын жана министрликтин аракеттерин координациялоо, мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана 2030-жылга чейинки илимий-билим берүү өнүгүүсүн камсыз кылуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2025–2030-жылдарга карата жогорку билимди өнүктүрүү стратегиясы, илимдин өнүгүүсү боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, илимий-изилдөө институттары үчүн KPI системасы, инновация, трансформация, санариптештирүү жана интеллектуалдык менчик багытындагы жаңы демилгелер талкууланды.
Иш-чаранын соңунда жыйынтык чыгарылып, өлкөнүн жогорку билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө багытталган сунуштамалар кабыл алынды.
Коммуникация жана медиа департаменти