Научно – исследовательский инновационный институт — фундамент успехов КУМУ!

Илим изилдөө инновациялык институту — КӨЭАУдагы мыкты ийгиликтердин пайдубалы!
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Илим изилдөө инновациялык институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Чаткалбай Райымбаев университеттин илимий борборлорунун жетекчилери менен атайын кеңешме өткөрдү.
🗓 Кеңешменин жүрүшүндө 2025–2026-окуу жылында аткарыла турчу иштер талкууланып, ар бир борборго атайын иш-план иштеп чыгып, бекитүү тапшырмасы берилди.
📌 Профессор Райымбаевдин белгилешинче, ар бир илимий борбор жок дегенде экиден долбоор даярдап, эл аралык масштабдагы сынактарга катышып, гранттарды утуп алууга умтулушу керек. Бул аркылуу университеттин өнүгүшүнө илим менен салым кошуу негизги максат болорун баса белгиледи.
“Илим изилдөө ишмердүүлүгү университет менен гана чектелбейт. Илимге кызыккан, идеясы бар ар бир адиске эшигибиз ачык. Университет ичинде болобу, сырттанбы – биз биргеликте иштөөгө даярбыз!” – деди Чаткалбай Кенейбаевич.
Коммуникация жана медиа департаменти
—-