Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тажрыйба алмашуу максатында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде көчмө жыйынын өткөрдү.
Жыйында комиссия мүчөлөрү — Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси Маматкерим кызы Эркайым, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору ф.и.к., доцент М.С. Шарипова, доцент К. Нармырзаева, ОшТУнун маалымат бөлүмүнүн башчысы Н. Кадырбекова жана башка өкүлдөр университеттеги мамлекеттик тилдин абалы, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, кесиптик кыргыз тилинин окутулушу жана материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.

Коммуникация жана медиа департаменти