КӨЭАУда эл аралык симпозиум өтөт

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 30-сентябрь күнү мамлекеттик тил күнүнө карата ири эл аралык илимий-практикалык симпозиум өткөрүүгө даярданууда.
Иш-чаранын негизги темасы —
«Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: “Манас” эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» деп белгиленген.
📌 Симпозиумдун илимий багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
– эпикалык жана тилдик мурастар, улуттук иденттүүлүк;
– маданий мурастарды санариптик чөйрөдө сактоо жана өнүктүрүү;
– глобалдашуу шартындагы түрк элдеринин маданий интеграциясы;
– билим берүү системасындагы жаңы тажрыйбалар;
– маданий туризм, укуктук жана экономикалык саясат.
Симпозиум аралаш форматта (онлайн жана офлайн) өтөт. Ага илимий кызматкерлер, окутуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катыша алышат.
📝 Тандалган макалалар КӨЭАУнун «Илим. Билим. Техника.» журналында жарыяланат. Макалаларды кабыл алуу мөөнөтү – 22-сентябрга чейин.
👉 Толук маалымат: www.not.kg
Коммуникация жана медиа департаменти