Бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик өттү.
Бул ири экологиялык иш-чарага Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин студенттери да жигердүү катышып, окуу жайдын ички короосун жана анын айланасын таштандылардан тазалашты.



Университеттин бардык түзүмдөрүндө тротуарлар, арыктар, жолдор жана территориялар тазаланып, студенттердин биримдиги жана демилгеси көрүнүктүү болду.

Мындай ишембиликтер – экологиялык аң-сезимди күчөтүп, тазалык маданиятын жайылтуу жана жарандык жоопкерчиликти арттырууга чоң өбөлгө болот.

КӨЭАУнун студенттери коомдук иштерге активдүү катышуу менен таза жана жашыл чөйрө түзүүгө өз салымын кошууда!
Коммуникация жана медиа департаменти