КӨЭАУнун окутуучулары улуттук оюнда мыкты жыйынтык көрсөтүштү

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Алымбек Датканын 225 жылдык юбилейине карата өткөрүлгөн “Ордо” улуттук оюнунун Ош шаары боюнча ЖОЖдор арасындагы биринчилигинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин курама командасы экинчи байгелүү орунду камсыз кылышты!
🎯 Ордо — бабалардан калган улуттук мурас. Бул оюн тартипти, стратегияны, тактыкты жана биримдикти талап кылат. КӨЭАУнун курама командасы ушул сапаттардын баарын айкалыштырып, мыкты оюн көргөзө алышты.
🏅Командада төмөнкү профессордук-окутуучулар мыкты оюн көрсөтүштү:
1.⁠ ⁠Бердигулов Амат
2.⁠ ⁠Абдылдаев Адыралы
3.⁠ ⁠Козуев Теңдик
4.⁠ ⁠Ураимов Орозбек
5.⁠ ⁠Назаров Абдулазиз
6.⁠ ⁠Ажимуратов Пиримкул
7.⁠ ⁠Капаров Темирлан
8.⁠ ⁠Таалайбек уулу Мирлан
9.⁠ ⁠Кадырбек уулу Манас
📣 Бул жетишкендик жаш муунга мыкты үлгү болду десек жаңылышпайбыз. Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү, аны жаштар арасында жайылтуу жана даңазалоо — университеттин башкы максаттарынын бири болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти