Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Медициналык колледжи заманбап шарттары бар жаңы имаратка көчүрүлүп, салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, түзүм жетекчилери, декандар жана директорлор катышып, лентаны кесүү менен жаңы окуу жайдын эшигин расмий ачышты.
Жаңыланган имарат медициналык жабдуулар менен толук камсыздалып, студенттердин заман талабына жооп берген шарттарда сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул окуу имараты медициналык багыттагы билим берүү процессин жаңы деңгээлге чыгарып, студенттердин теория менен практиканы айкалыштырып үйрөнүүсүнө чоң өбөлгө болот.
Коммуникация жана медиа департаменти





