20–21-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн II Салттуу спорт оюндарына Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинен спортчулары катышып, окуу жайдын намысын татыктуу коргоп кайтышты.
Спорттук делегацияны Дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Курсантбек Каимов, “Достук” спорт клубунун жетекчиси Азат Токтобев, ошондой эле жеке машыктыруучулар жетектеп барышты.
Эки күнгө созулган бул спорттук мелдеште кыз-келиндер арасында Алыш күрөшү боюнча биздин студенттер 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болушуп, КӨЭАУнун капчыгына абройлуу жеңиш алып келишти.
Университет жетекчилиги жеңүүчүлөрдү жана бардык спортчуларды ийгиликтүү катышуусу менен куттуктап, талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте да спортто бийик жетишкендиктерди каалады.




