Ош мамлекеттик университетинде 22–23-октябрь күндөрү өтүп жаткан “Евразиялык тармактык университет” (ЕСУ) илимий-билим берүү консорциумунун III форумуна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор А.А. Мамасыдыков катышууда.
Бул маанилүү иш-чара Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого арналган. Форумдун алкагында билим берүү, илим жана бизнес тармактарынын интеграциясы боюнча талкуулар жүрүүдө.
Эскерте кетсек, КӨЭАУ аталган консорциумдун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат. Андыктан, форумдун экинчи секциясы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында өтөт. Ага консорциумга мүчө жогорку окуу жайлардын ректорлору, Россия Федерациясынан келген ардактуу коноктор жана илимий кызматкерлер катышат.
Бул форум – Евразия мейкиндигинде билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам.
Коммуникация жана медиа департаменти




