Укуктук сабаттуулук боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

 Бүгүн, 22-октябрь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде Ош шаардык Жаштар комитетинин демилгеси менен Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыковдун жетекчилигинде студент-жигиттер менен маанилүү жолугушуу болуп өттү.
 Максаты — укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, буллинг (басмырлоо), зордук-зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөрдүн кесепеттерин түшүндүрүү, ошондой эле мыйзамдуулукту урматтоо, жоопкерчилик жана адамгерчиликке үндөө болду.
 КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын улук окутуучусу милициянын майору Улан Жусупов, милициянын майору Мухаммедали Малабаев жана милициянын лейтенанты Чынарбек Кубатовдордун баяндамаларынан студенттер терең маалымат алып, зомбулуксуз жүрүм-турум маданияты, коомдук тартип жана мыйзамдуулук тууралуу пайдалуу кеңештерге ээ болушту.
Университет жетекчилиги иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүп, мындай тарбиялык сааттардын зарылдыгын белгиледи.
Коммуникация жана медиа департаменти