Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти Жакып уулу Эржигит Түрк университеттер биримдигинин II салттуу спорт оюндарында таяк тартыш боюнча финалдык беттеште
1-орунду ээледи! 

Бул жеңиш — КӨЭАУнун спорттук жетишкендиктеринин жана студенттерибиздин эрктүүлүгүнүн дагы бир далили!
⠀
Мелдеште спортчулар тогуз коргоол, таяк тартыш, алыш күрөшү жана жаа атуу боюнча күч сынашты.
КӨЭАУнун сыймыгы — Жакып уулу Эржигитке ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти





