КӨЭАУ форум катышуучуларына Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комплексине зыярат уюштурду.

Бүгүн, 23-октябрь күнү Кыргыз–Өзбек Эл аралык университети Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасынын Илим жана жогорку билим берүү комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Сипягин Владимир Владимирович баштаган Россия ЖОЖдорунун ректорлору, тагыраак айтканда, “Евразиялык тармактык университет” (ЕСУ) илимий-билим берүү консорциумунун форумунун жалпы коноктору үчүн Сулайман-Тоо музей комплексине зыярат уюштурду.
Иш-чаранын максаты — форумдун катышуучуларына Ош шаарынын тарыхый өзгөчөлүгүн, Сулайман-Тоо музейиндеги баалуу экспонаттар аркылуу кыргыз элинин бай маданияты менен тааныштыруу болду.
> “Конокторго Ош шаарынын кооздугун жана Сулайман-Тоо музейиндеги улуттук мурастарды көрсөтүү аркылуу Кыргызстандын маданий мурасын кеңири чагылдырууга аракет кылдык. Коноктор чоң кызыгуу менен кабыл алды”, — деди КӨЭАУнун эл аралык департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу.
Бул зыярат форумдун расмий бөлүгүн толуктап, меймандарга кыргыз жеринин тарыхый мурастары тууралуу терең таасир калтырды.
Эске сала кетсек, Ош мамлекеттик университетинде өткөн “Евразиялык тармактык университет” консорциумунун форуму Евразия мейкиндигинде илим, билим жана бизнес кызматташтыгын чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.
 Бул иш-чара Евразиялык интеграциянын, илимий жана билим берүү кызматташтыгынын өнүгүшүнө салым кошот.
 Коммуникация жана медиа департаменти
______