КӨЭАУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

Бүгүн, 28-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин №1 окуу имаратынын жыйындар залында ректор, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун жетекчилиги астында Окумуштуулар кеңешинин кезектегие отуруму болуп өттү.
Отурумдун күн тартибине ылайык, Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Сыргак Сарыковдун жана Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү багыттар боюнча департаменттин директору Чыңгыз Мамажакып уулунун 2024-2025-окуу жылындагы отчеттору угулуп, эки тармактын тең ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп табылды.
Ал эми үчүнчү маселе катары, Окумуштуулар кеңешинин жооптуу катчысы А.К.Тентимишованын билдирүүсүн негизинде ваканттык орундарга конкурстук шайлоо өтүп, доценттик кызматтарга талапкерлер шайланды.
 Эскерте кетсек, университеттин Окумуштуулар кеңеши — окуу жайдын илимий, академиялык жана уюштуруучулук ишмердигин стратегиялык багыттоочу жогорку коллегиалдуу орган болуп саналат.
 Коммуникация жана медиа департаменти