Студенттер намыска жарады

20–21-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин университеттер биримдигинин II Салттуу спорт оюндарында байгелүү орундарды багындырган Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери сыйланды.
 Жеңүүчү спортчуларга сыйлыктар Окумуштуулар кеңешинин отурумунун алдында, университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылды.
 Мындан тышкары, университеттин билим-тарбия иштерине өзгөчө эмгек сиңирген бир катар окутуучулар билим берүү тармагында сиңирген эмгеги үчүн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин ыраазычылык каты жана Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Намыска жараган жалпы сыйлык ээлерин ийгиликтери менен куттуктайбыз.
 Коммуникация жана медиа департаменти