КӨЭАУда эл аралык жолугушуу

Бүгүн, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинин делегациясы расмий иш сапары менен келди.
 Делегация курамында эл аралык ишмердүүлүк боюнча проректор Зуева Елена Николаевна жана эл аралык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мизис Ирина Юрьевна катышышты.
Конокторду КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева жана Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу кабыл алышты.
 Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусу жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Бул жолугушуу келечектеги ишенимдүү өнөктөштүктүн жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты болуп калмакчы.
Коммуникация жана медиа департаменти