Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Фергана мамлекеттик техникалык университетинин окумуштуулары жана студенттеринен турган жоон топ делегация иш сапар менен келишти.
Бул иш сапар КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун чакыруусуна ылайык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулду жана эки университеттин ортосундагы эл аралык байланыштарды бекемдөө, тажрыйба алмашуу, билим берүү жана илимий кызматташтык жаатындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга басым жасалды.
Делегацияны Мухаммадрафиқ Тохиров жетектеген «Маалымат системасы жана технология» кафедрасынын өкүлдөрү доцент Щокиров Санжарбек, улук окутуучулар Дилшодов Аброр, Собиров Муслимбек, ассистент Йулдошева Дилфуза жана «Компьютердик инженерия жана жасалма интеллект» кафедрасынын доценттери Отабек Эргашев, менен Нурилло Мамадалиевдер баштап келишти.
Иш сапардын жүрүшүндө конок окутуучулар КӨЭАУнун студенттери үчүн конок лекцияларды өткөрүшүп, маалыматтык технологиялар тармагындагы заманбап багыттар жана өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Ал эми Ферганалык студенттер университеттин окуу корпустарын, лабораторияларын жана инфраструктурасын кыдырып, кыргыз студенттери менен пикир алмашуу жана достук байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул жолугушуу эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы ынтымакты жана билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң салым кошту.
Коммуникация жана медиа департаменти




