Алайдан чыккан Датканын ааламга аты тараган

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кесиптик колледжинде Математика жана табигый сабактар бирикмесинин демилгеси менен улуу мамлекеттик ишмер Алымбек Датканын тарыхтагы ордуна арналган сахналаштырылган адабий-музыкалык иш-чара уюштурулду.
 Иш-чаранын максаты — Алымбек Датканын инсандык жана лидерлик сапаттарын даңазалоо, студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, патриоттуулукка, маданий-эстетикалык баалуулуктарга болгон көз карашын тереңдетүү болду.
Иш-чара улуттук рухта өтүп, конокторду салтка ылайык сарымай, боорсок менен тосуп алышты. Алымбек Даткага арналган атайын көргөзмө уюштурулуп, тарыхый баяндамалар менен коштолду.
Колледждин Математика жана табигый сабактар бирикмесинин жетекчиси Жумагүл Калыбекова ачылыш сөз сүйлөп, конокторду жылуу маанайда тосуп алды.
Сахналаштырылган көрүнүштөр жана таланттуу студенттердин аткаруусундагы концерттик программа көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Иш-чаранын соңунда окуу жайдын жетекчилиги тарабынан алкоо сөздөр айтылып, иш-чаранын мыкты деңгээлде уюштурулганын белгилешти.
Иш-чарага жигердүү катышкан студенттерге ыраазычылык баракчалары тапшырылып, алардын чыгармачылыгы жогору бааланды.
 Коммуникация жана медиа департаменти