Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасы тарабынан Хэллоуин майрамы уюштурулду.
Иш-чара студенттердин чет тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, англис маданияты менен жакындан таанышуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Студенттер тематикалык костюмдарда чыгып, презентациялар, оюндар, драмалык сценкалар жана викториналар аркылуу өздөрүнүн тилдик көндүмдөрүн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө кафедра тарабынан белектер тапшырылды.
Хэллоуин — бул жөн гана майрам эмес, студенттер үчүн тилди интерактивдүү өздөштүрүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана чыгармачылыкты өрчүтүүгө шарт түзгөн аянтча
Коммуникация жана медиа департаменти




