Билим сапарың байсалдуу болсун, 1-курс

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономика жана Тарых-филология факультеттеринде 1-курстун студенттерин расмий кабыл алуу аземи салтанаттуу түрдө өттү.
 Иш-чараны университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып берип, студенттерге сапаттуу билим алып, келечекте мамлекетке кызмат кылган мыкты адис болуу үчүн түзүлгөн бардык шарттарды пайдаланууга чакырып, жылуу тилегин билдирди.
 Куттуктоо сөздөрүн Юридика-экономика факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Мухтарбековна жана Тарых-филология факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жаннат Каденова улантып, студенттерге расмий атрибуттарды тапшырышты.
 Иш-чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.
 Коммуникация жана медиа департаменти