Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетине Өзбекстан Республикасынын Андижан Экономика жана Педагогика университетинен расмий делегация келип, билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча маанилүү жолугушуу өткөрүлдү.
Университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, КӨЭАУ бир кездерде өзбекстандык миңдеген студенттерге сапаттуу билим берип, бир тууган коңшу өлкө менен достук мамиледе тыгыз кызматташып келе жатканын баса белгиледи.
Түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу келишиминин негизинде тараптар биргелешкен илимий долбоорлорду, илимий-изилдөөлөрдү жана академиялык алмашууларды
жүргүзүүгө макулдашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бири-бирине эстелик белектерди тапшырып, өнөктөштүктүн жаңы этабын белгилешти.
Келген коноктор:
• Нурулло Халилов — экономика боюнча PhD, профессор, проректор;
• Баходир Муйдинов — экономика илимдеринин кандидаты, доцент;
• Тухтасин Иминов — экономика боюнча PhD, кафедра башчысы.
Өзбекстандык кесиптештер эки университеттин кызматташтыгы билим берүү жана илим чөйрөсүндө жигердүү, жогорку натыйжаларды бере турганына ишеним билдирди.
Бул жаңылык — КӨЭАУнун эл аралык байланышын дагы да кеңейткен чоң кадам!
Коммуникация жана медиа департаменти






