Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган делегация Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетине расмий иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында НМУнун ректору, профессор Абдугаффар Кыргызбаев менен жолугушуу өткөрүлүп, тараптар эки университет ортосундагы кызматташууну кеңейтүү боюнча кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча макулдашууга жетишилди:
Академиялык мобилдүүлүк программаларын өнүктүрүү — студенттер жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн өз ара тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
Кош дипломдуулук билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
Билим берүү кызматтарын экспорттоо жана интеграциялык кызматташууну күчөтүү максатында НМУ менен КӨЭАУ биргелешкен факультет ачуу;
Эки тараптын жогорку квалификациядагы профессорлорун адистештирилген кеңештерге киргизүү жана келечекте биргелешкен илимий кеңештерди түзүү;
Эл аралык илимий гранттарга, анын ичинде Кытай өкмөтү тарабынан каржыланган долбоорлорго биргелешип катышуу.
Жолугуушуу учурда Наманган мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүккө катышууга элүүдөн ашуун студент жана окутуучу даяр экени айтылды. Бул демилге жакын арада өзүнүн реалдуу жыйынтыктарын бере турганы баса белгиленди.
Тараптар мындан аркы кызматташуунун так жол картасын иштеп чыгуу милдети НМУнун Эл аралык байланыштар боюнча проректору, профессор Дехконов Давронго жана КӨЭАУнун Эл аралык байланыш департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулуна жүктөлдү.
Коммуникация жана медиа департаменти





