КӨЭАУда жасалма интеллект боюнча маанилүү илимий семинар болуп өттү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмү «Илимий тема тандоодогу жана илимий макала даярдоодогу жасалма интеллектинин орду» аттуу семинар өткөрдү.
Иш-чарада техника илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Г.К.Өмүрбекова жасалма интеллект технологияларынын илимий теманы тандоодо, маалыматтарды тез жана так анализдөөдө, сапаттуу илимий макалаларды түзүүдө пайдаланылуучу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири түшүндүрүп берди.
Семинарга аспиранттар, изденүүчүлөр жана PhD докторанттар активдүү катышып, ЖИ инструменттерин практикалык колдонуу боюнча пайдалуу тажрыйбага ээ болушту.
Бул иш-чара университеттин илимий потенциалын чыңдоого, жаш окумуштуулардын заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө жана илимдин санариптик трансформациясына олуттуу салым кошту.
Коммуникация жана медиа департаменти