Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “STEM” колдонмо кесиптик колледжинде 1-курстарды студенттик катарга кабыл алуу аземи өттү

Иш-чараны университеттин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, студенттерди жаңы статусу менен куттуктап, жаңы ачылган колледжде сапаттуу билим, тарбия алуу үчүн бардык шарттар бар экенин баса белгиледи.
 Студенттик атрибуттар — символикалык белги катары студенттерге университеттин ректору А.Мамасыдыков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери Топчубай Исаков жана колледждин директору, т.и.к., доцент Замирбек Зулпев тарабынан тапшырылды.
 Иш-чара таланттуу студенттердин концерттик программасы менен уланды. Куттуктоолор, ыр-бийлер жана жылуу маанай — жаңы окуу жылынын жаркын башталышы болду.
 Коммуникация жана медиа департаменти